• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү

Курултай 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Президенттин "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" 2023-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун жетекчилиги алдында Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Алгачкы отурумга уюштуруу комитетинин курамына кирген президенттин администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрлер, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жана коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында Элдик курултайга этностук өкүлчүлүктөн делегаттарды шайлоо, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын ичинен делегаттарды шайлоо боюнча нускамалар, жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченеми боюнча түшүндүрмө, жыйындарды өткөрүү боюнча бирдиктүү протоколдордун үлгүлөрү жана иш-чаралардын планы уюштуруу комитетинин жалпы мүчөлөрүнүн добушу менен бекитилип, ага ылайык тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бул багытта, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн негизги милдети Элдик Курултайды өткөрүүдө “саясатка аралашуу” эмес “уюштуруп өткөрүү” экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, КР президентинин "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгы – элдик бийликтин негиздерин андан ары чыңдоо, Кыргыз Республикасында ынтымакты бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, аймактык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатын көздөйт.

Элдик курултай 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат шайланып келет.

Пикир

Оставить комментарий