• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Ысык-Көлдөн келген делегат саркынды суу жана экология маселесин көтөрдү

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Ысык-Көл районунан келген делегат Бердибек Иманбеков туристтик аймактагы саркынды суу жана экология көйгөйүн көтөрдү.

Анын айтымында, Ысык-Көл жаратылыш өзгөчөлүгүнүн аркасында өлкө боюнча эң көп эс алуучуларды өзүнө тарткан бирден-бир туристтик аймак болуп саналат.

“Буга байланыштуу аймакта туристтик объектилер жыш жайгашкан. Бирок, ошол объектилердин саркынды сууларды тазалоочу жайларынын көпчүлүгү талапка жооп бербейт. Бул жагдай өз учурунда жаратылышка, өзгөчө көлгө терс таасирин тийгизип келүүдө. Учурда экологияны сактап калуу өзгөчө курч маселелерден болуп турат. Биздин билишибизче Азия өнүктүрүү банкы жана чет өлкөлүк донорлор аркылуу Чолпон-Ата шаары, Бозтери жана Кара-Ой айылдарына саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу боюнча долбоорлор каралып жатканына карабай жыйынтык жок”, - деген делегат президенттен ушул долбоорлорду өз көзөмөлүнө алып берүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, ал акыркы учурларда Ысык-Көлдүн ичинен дагы тонналаган таштандылар чыгарылып жатканын айтып, жергиликтүү калктын жана жылдан-жылга көлгө келген туристтердин санынын өсүшү дагы буга өзүнүн таасирин тийгизип жатканын жана таштанды маселелесин чечүү учурдун талабы экенин белгиледи.

“Буга байланыштуу райондун аймагында таштандыны кайра иштетүүчү заводдорду курууну сунуштайбыз. Ошондой эле Ысык-Көл районунун калкты тейлөө кызматы болгону 100 миң адамды тейлөөгө чектелген. Бирок туристтик мезгилде адамдардын саны бир канча эсеге көбөйүп, калкты тейлөө кызматы жана атайын техникалардын тартыштыгы көйгөй жатат. Ошондуктан, Ысык-Көл облусуна туристтик багытта “өзгөчө статус” берүүнү суранабыз”, - деген ал сөзүнүн аягында Чолпон-Ата шаарына облустук маанидеги шаар болуусуна көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий