• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жарлык кыйшаюусуз аткарылышы керек — Садыр Жапаров мектептеги акча чогултуулар жөнүндө

Курултай 0

Бишкек, 16.12.3. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров делегат Шайдулла Жолдубаевдин мектептеги мыйзамсыз акча чогултуулар уланып жатат деген сөзүнө жооп берди.

Мамлекет башчысы билим берүү министрине кайрылып, мектептерде акча чогултууга жана фонддорду түзүүгө тыюу салган жарлык эч бир кыйшаюусуз аткарылышы керектигин баса белгиледи.

"Бир эле учурда 4-5 баласы окуган үй-бүлөлөр бар экен. Алардын баары үчүн акча алышат. Бербеген балдар ыңгайсыз абалда калат. Мында ушундай болбосун деп жарлык чыгарып, бюджеттен акча бөлөлү дегенбиз. Акча чогултуу саналуу гана ата-эне жана мугалимдердин кызыкчылыгы. Ошондуктан жыл башында министрлик, өкмөт кечиктирбей акчаны бөлүп берип, бир да маселе жаралбашы керек", - деди президент.

Мамлекет башчысы акча чогултуулар тууралуу маалымат түшсө, текшерилип, тиешелүү адамдар жазага тартыларын баса белгиледи.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий