• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

II Элдик курултай. 300 делегатка электрондук кол тамга берилди

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги II Элдик курултайдын алкагында "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жана Калкты каттоо департаментинин кызматкерлеринен турган атайын топ уюштурду.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган топ Элдик курултай учурунда делегаттарга электрондук кол тамгасын берип, "Түндүк" тиркемесин колдонууну үйрөтүштү.

Курултай өтүп жаткан мезгилде 300 делегатка электрондук кол тамга берилди жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда санариптик технологияларды колдонуу боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева делегаттардын арыздарын жеке өзү кабыл алып, тиешелүү адистерге алардын маселелерин ыкчам жана сапаттуу кароону тапшырды.

Өз кезегинде делегаттар "Санариптик документтер" долбоорун ишке ашыруу боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишине жогору баа беришти жана бул долбоор аркылуу мамлекеттик кызматтарды алуу кыйла ыңгайлуу болуп жатканын белгилешип, өлкөнү санариптештирүүнү өнүктүрүүдө Санариптик өнүктүрүү министрлигине мындан аркы ийгиликтерди каалашты.

Пикир

Оставить комментарий