• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК диний кастыкты козутуу фактысы боюнча Арстан Алай кармалганын билдирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Диний кастыкты козутуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны Арстанбек Абдылдаев (“Арстан Алай” деген каймана ат менен белгилүү) кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ал УКМК диний кырдаалды жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында, ошондой эле КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Абдылдаевдин “Facebook”, “Instagram” жана “YouTube” социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, ошондой эле динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон. Ал өзүн “Жаңы Кудай”, “Куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди, ишенимдерди, көз караштарды төмөн, алсыз жана жараксыз адашуу деп эсептеп, аларга терс баа берген.

Жашаган жеринде жана Чүй облусунун аймагындагы лекцияларын (мантра деп аталган) өткөргөн жайларында тинтүүнүн натыйжасында көп сандагы адабияттар, атап айтканда (китептер, брошюралар жана дептерлер), компьютерлер жана электрондук алып жүрүүчүлөр алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.Абдылдаев КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий