• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте II Элдик курултай ишин улантууда. Сүрөттөр

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23./Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышууда.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Эскерте кетсек, иш-чара эки күнгө – 15нен 16-декабрга чейин уланат. Кечээ анын ишинин биринчи күнү болуп өттү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да келишти.

Иш-чара өлкөнүн акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан соң мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берип, ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо, уюштуруу жана өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.

Андан кийин сөз кезеги делегаттарга өтүп, алар өз шайлоочуларынын айткандарын, алардын оюн, үнүн жеткиришти, сөздөрүндө аймактарды жана айылдарды өнүктүрүүгө басым жасап, социалдык маселелерди, атап айтканда, бул тармактын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу темасын көтөрүштү. Ошондой эле делегаттар чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Жалпы 75 делегат чыгып сөз сүйлөдү.

Пикир

Оставить комментарий