• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Делегат: Савай айыл өкмөтүндө жер амнистиясынан пайдаланып, коррупциялык иштер жүрүүдө

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн делегаты Зайырбек Жоошбеков жер амнистиясына токтолду.

“Көп жылдан бери жерди документтештире албагандар документтештире баштады. Бирок ошол эле мезгилде жер амнистиясынан пайдаланып, коррупциялык иштер жүрүүдө. Муну токтото албай жатабыз. Себеби азык-түлүк коопсуздугу үчүн биринчи кезекте жер, талаа болушу керек. Алтындай сугат жерибиз кетип калып жатат. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар”, - дейт ал.

Жоошбеков Савайда 1 миң гектар жер сазга айланганын айтып, жерди кургатуу иштерин жүргүзүү үчүн дренаждык жумуштар аткарылышы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий