• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Президент кыргызстандыктарды салыктарды өлкөнүн өнүгүшүнө болгон салым катары кароого чакырды

Курултай 0


Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайда салык маселесине токтолуп, жалпы кыргызстандыкатрды салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары кароого чакырды.

"Акыркы окуялардын негизинде Кыргызстандын бардык жарандары үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында биз пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды масштабдуу жогорулатууга, болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объекттерди курууга жана жүздөгөн километр жаңы жолдорду салууга жетиштик. Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт, сапаттуу медицина жана татыктуу билим да болбойт. Ошондуктан, салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карайлы. Башка сөз менен айтканда, салык эмес – салым катары кабыл алалы", - деди Садыр Жапаров.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий