• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Түз алып берүү

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өз ишин баштады.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи Элдик курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий