• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

II Элдик курултай. Чүйдөн келген делегат Панфилов районуна суу сактагыч куруп берүүнү суранды

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкекте экинчи Элдик курултай өз ишин улантууда. Түшкү тыныгуудан соң делегаттар кайрадан өз аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди, жарандардын үнүн жеткирүү үчүн жарыш сөзгө чыгышты.

Панфилов районунан келген делегат Бейшенбай Үметов аталган район Чуй облусундагы суу тартыштыгы боюнча алдыңкы орунда турарын билдирди.

"Райондо үч чоң кокту бар. Чоң—Кайыңды жана Жарлы—Кайыңды коктуларына суу сактагыч салынса дейбиз. Анын арты менен сугат жана таза суу маселеси чечилмек. Антпесе райондун суу маселеси чечилбейт", - деп баса белгиледи делегат.

Ошондой эле ал Панфилов району (Кыргызстан) менен Мерке районунун (Казакстан) чек арасы аркылуу аккан Ашмара (казакча аталышы Аспара) суусу тууралуу кеп кылды.

"Ашмара суусу кандайдыр бир белгисиз себептерден улам Казакстан Республикасынын аймагына чийилип калган. Мында картографтын же топографтын күнөөсү барбы билбейбиз. Суунун 62% Казакстан, 32% Кыргызстан пайдаланат. Дүйнөлүк практика боюнча суу 50/50% бөлүштүрүлүшү керек. Ашмарага негизги суу Кыргызстандын кокту-колотторунан түшөт. Мамлекет аралык сүйлөшүү жолу менен аталган маселени чечип берүүңүздү өтүнөбүз. Анткени бул маселени жергиликтүү бийлик чече албайт", - деп баса белгиледи делегат.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий