Камчыбек Ташиев күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Бул тууралуу ал УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап калып атышат.

"Андыктан, УКМКнын төрагасы Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30%дан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий