• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Кыргызэлектроника" 2023-жылы 12 млн сомдон ашык продукцияны экспортко чыгарды

Коом 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызиндустрия” ААКнын туунду ишканасы “Кыргызэлектроника” ЖЧКсы 12,5 миллион сомдук продукцияны экспортко чыгарды. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Илья Черный билдирди.

"Казакстандын "Алма ТВ" телекомпаниясына 12.5 млн сомдук 5 миң даана приставкаларды кураштырып жөнөттүк, 2024-жылдын январь-февраль айларында буйрутмалардын негизинде дагы 5 миң даанасын жөнөтүүнү пландап жатабыз", - деп белгиледи И.Черный.

Анын айтымында, ишкана 2024-жылдан тарта өз продукциясын ички рынокко жана экспортко кеңири чыгарууну ниеттенүүдө.

Эске сала кетсек, аталган компания электроника буюмдарын кураштыруу жана өндүрүү менен алектенет. Тактап айтканда, Pantum бренди менен тармактык жана сервердик жабдууларды принтерлерди, коммутаторлорду, Wi-Fi роутерлерди, маалымат сактоочу дисктерди, ККМ аппараттарын өндүрөт.

Өндүрүштө Кытайда чыгарылган Pantum International, New H3C Technologies жана Telepower Communication компанияларынын жабдуулары колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий