• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош – Ноокат жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Камчыбек Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө – 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертип, ошол эле учурда сапатка көңүл бурулушу зарлдыгын белгиледи. Эгер айтылган мөөнөттө бүтпөсө, чара көрүлөөрүн дагы бир ирет эскертип өттү.

Ошондой эле келээрки жылдын планына Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 47-чакырымынан 63-чакырымына чейинки аралыгы киргизилип, жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Жол куруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коюлган тапшырмалар аткарыларын жана жумуш кызуу жүрүп жатканын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий