• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Камчыбек Ташиев: Тажикстан менен чек араны делимитациялоо процесси жакында аяктайт

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Жакынкы аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо процесси аяктайт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Баткен тарыхы — элдин руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди.

"Кудай буйруса, жакынкы арада коңшулар менен чек ара маселесин талкуулап бүтөбүз. Мурдагыдай "кайсы жер биздики, кайсы жер башканыкы" деген нерсе болбойт. Бардыгын мыйзам чегинде чечип, жерибизди көздүн карегиндей сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деген УКМКнын төрагасы.

Камчыбек Ташиев муну бийликтин жетишкендиги деп атап, кыргыз жерин көздүн карегиндей сактай турганын айтты.

Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын жана Баткен облусунун 25 жылдыгын белгилөөнүн алкагында «Баткендин тарыхы — элдин руханий мурасы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Пикир

Оставить комментарий