• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Сак болуңуз! Аба ырайы кескин жогорулайт

Коом 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин жогорулайт, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы..

Ага ылайык, бүгүн, 29-июлда жана 1-3-август күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 3-августка чейин 39-41 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Пикир

Оставить комментарий