• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тил жана адабият институту Башкы прокуратуранын китепканасына китеп белек кылды

Коом 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кечээ, 19-сентябрда Башкы прокуратурада КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү белгиленди.

КР УИАнын басм сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага прокуратуранын кызматкерлери, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Төрагасы – Назаркул Ишекеев, А.Акматалиев баш болгон Тил жана адабият институтунун жамааты, “Устат-шакирт” тобу катышты.

Иш-чарада мамлекеттик тилдин мамлекеттүүлүктү куруудагы мааниси, иденттүүлүгүнүн асыл баалуулугу экендигин, Мамлекеттик тилге арналган программанын мааниси, ааламдашуу мезгилинде тил маселеси жөнүндө айтылды.

Академик А.Акматалиев Мамлекеттик тил программасын ишке ашыруудагы Тил институтунун жасаган иштери, “Манас” эпосун басуусу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы улуттук, руханий баалуулук, жазуучунун кыргыз тилин пайдалануудагы салымы, ага “Манас” эпосунун таасири жөнүндө айтып, Институт чыгарган китептерди Башкы прокуратуранын китепканасына китеп белек кылып кетти.

"Биз сиздерге Мамлекеттик тил программасынын шарапаты менен чыккан “Манас” эпосунун үчилтигин, түшүндүрмө жана башка сөздүктөрдү, Ч.Айтматовдун чыгармаларын тапшырып жатабыз", - деди ал китептерди тапшырып жатып.

Мамлекеттик тил майрамын белгилөө Башкы прокуратура тарабынан демилгеленип, иш-чаранын соңунда мекеменин жетекчилиги тарабынан академик А.Акматалиевге ыраазычылык каты тапшырылды.

Майрамдык иш-чаранын алкагында Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы прокуратуранын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырып, УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери “Манас” эпосунан, Ч.Айтматовдун чыгармасынан үзүндү айтып, концерт коюп берди.

Пикир

Оставить комментарий