• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кантип рэкетчиликтин алдын алса болот? Психологдун пикири

Коом 0

“Кабар” агенттиги психолог Калмира Шакирова менен маек куруп, окуучулар арасындагы рэкетчиликтин себептери, аны кантип алдын алууга боло тургандыгы тууралуу суроолоруна жооп алды.

— Балдарды рэкетчилик кылууга түрткөн себептер кайсылар?

Окуучулар арасындагы рэкетчилик көбүнчө үй-бүлөдөгү көйгөйлөр менен тамырлаш болот. Үйдө зомбулук көрсөтүү, эмоционалдык колдоонун жоктугу же ата-эненин тарбия берүүдөгү катаал чаралары, ошондой эле баланын муктаждыктарына көңүл бурбоо да себеп болот.

Ушундай чөйрөдө өскөн балада чыр-чатакты зомбулук менен гана чечсе болот деген түшүнүк калыптанат.

Баланын өзүнө ишениминин аздыгы да башкаларга зомбулук көрсөтүүгө алып келет. Себеби рэкетизм менен алектенген балдардын көбүндө өзүнө ишеними төмөн экени байкалат, ошону башкаларды кемсинтүү жолу менен толуктайт.

— Балдарга кантип жардам берүү керек?

Биринчиден, рэкетизмдин белгилерин өз убагында аныктоо маанилүү. Ал үчүн мугалимдер, мектеп психологдору окуучулар менен баарлашууларды жүргүзүп турушу керек.

Экинчиден, мектепте окуучулар өзүн коопсуз сезиши маанилүү. Зомбулук же кемсинтүүгө кабылган балдар көйгөйүн ачык айта алгыдай чөйрө түзүш керек. Ачык диалог мектептеги зомбулук учурларын азайтууга жардам берет.

Коопсуз чөйрө мектепте гана эмес, үйдө да болушу керек. Баланын ымыркай кезинен эле ата-энеси менен эмоционалдык тыгыз байланышы болгону жакшы.

— Баланы айыптабай, түшүнө билүү маанилүүбү?

Башка балдарга терс мамиле кылган баланы дароо айыптап кирбей, мындай аракетке баруусунун себебин түшүнүш керек. Ар кандай методдорду колдонсо болот, мисалы, эмоционалдык интеллектини өнүктүрө турган тренингдерге катышуу зарыл. Анткени мугалим да, ата-эне да окуучунун билим деңгээлине гана басым жасап, эмоционалдык абалына көңүл бурууну унутуп калышат.

Эгер талап кылынса, бала рэкетчиликтин кесепети жаман экенин түшүнүшү үчүн психотерапевт менен да иштешүү абзел. Балага өзүнүн эмоциясын, кыймыл-аракетин көзөмөлдөөнү үйрөтүү керек.

Мектептерде атайын программаларды иштеп чыгып, социалдык көйгөйлөрдү конфликт менен эмес, тынч чечсе болорун үйрөтсө болот.

— Ата-эненин милдети кандай болот?

Ата-энелер көп учурда баласына жоопкерчилик алуудан качып, мектепке же мугалимдерге тапшырып, баладагы өзгөрүүлөрдү байкабайт. Ар бир курактагы өзгөрүүлөр ар кандай болот.

Бала - мугалим үчүн кыска мөөнөттүү долбоор. Ал белгилүү бир мөөнөттө билим берип, тарбиялап чыгарат, андан кийин аны унутуп калат.

Эне баласын курсакта көтөрө баштагандан тарта ал келечекте кандай адам болуп калыптанышына чейин көзөмөлдөп турушу керек. Ошондуктан ата-энеге да баласына кандай жардам берсе болорун түшүндүрүп, маалымат берүү шарт.

Жардам берүүнүн дагы бир жолу - кандайдыр бир зомбулук аракетке барган баланы досторунун көзүнчө айыптап, коомчулукка жарыя кылбаш керек. Мындай айыптоо - жагдайды татаалдаштырып салат. Себеби рэкетчилик – эмоционалдык, психологиялык көйгөй менен байланыштуу. Мектепте окуучу башканы уруп-согуп же дагы башка бир терс аракет кылса, директор же мугалимдер баарынын көзүнчө кемсинтип, тарбиясыз экенин жарыя кылышат. Бул тескерисинче андагы көйгөйдү тереңдетет.

Зомбулукка алып келген себептер менен иштеш керек, кесепети менен иштегенде жыйынтык өтө эффективдүү болбойт. Ата-эне баласы мектептен качан келди, маанайы кандай, билип турса жакшы.

— Баланын убактысын туура пайдалануу үчүн кеңештерди бере кетсеңиз

Баланы мектептен кийин бош калтырбай, өзү кызыккан ар кандай курстарга жаздырыш керек. Бала энергиялуу болот, аны туура пайдаланбаса терс жактарга жумшайт.

Рэкетчиликтин алдын албаса, бара-бара ичимдикке же башка терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, 17-январда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясынын ата-энелери кайрылган. Алар балдары ур-токмокко кабылганын айтып, акыйткатчыдан укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жамиля Жаманбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.

Бахар Хакимова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий