• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Консул Борбиев АКШнын Хьюстон шаарындагы кыргыз жарандары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Техас штатынын Хьюстон шаарындагы кыргызстандыктар, диаспора өкүлдөрү, активисттер менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Башкы консулдуктун жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, экономикалык дипломатия жаатындагы иши, Башкы консулдуктун үстүбүздөгү жылдагы демилгелери жана долбоорлору менен таанышып, жана ошондой эле бардык суроолоруна жооп алышты.

Башкы консул Хьюстондогу кыргыз диаспорасы менен байланышты чыңдоого даяр экенин, алардын активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мекендештерди колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул жолугушуу Башкы консулдуктун демилгеси менен АКШнын Иммиграция жана Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле Мексика аркылуу АКШга кирген чет элдик жарандарды Убактылуу кармоочу жайларды көрүү үчүн Техас жана Калифорния штаттарына иш сапарынын алкагында болду.

Пикир

Оставить комментарий