• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кантип жана ким менен дос болуу керек? Көз карандысыз эгемен мамлекетке кысым көрсөтүүгө эл аралык укук жол бербейт

Аналитика 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров интригаларды, туура эмес чечмелөөлөрдү жана фейктердин кезектеги толкунун баштоону болтурбоо үчүн санкциялык кысымдар жана жакын өнөктөштөр менен кызматташуу маселелери боюнча кошумча түшүндүрмө берди.

Түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн мамлекет башчысы азыркы кыйла татаал эл аралык кырдаалда республиканын позициясын дагы бир жолу ачык-айкын белгиледи.

“Албетте, Россия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: "Россия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Россиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Россия аркылуу. Россияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Россия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Россия менен иштешип жатасыңар го. Россия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Россия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз" деп ачык эле айтып жатам деген президент.

“Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем.

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатабыз. Керек болсо кечээ жакында эле Евробиримдик менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү.

Географиялык жактан алганда дагы КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашканбыз. Алар менен күнүмдүк турмуш-тиричилигибиз тыгыз чырмалышкан десек болот. Кандайдыр бир маселелерде бири бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан алар менен кызматташпай коюшубуз мүмкүн эмес,” – деп белгиледи Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде.

Саясий илимдердин доктору, коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов белгилегендей, президент көтөргөн эл аралык мамилелер жана санкциялар темасы эгемендүүлүк маселеси менен байланышкан. Кыргызстан эгемен мамлекет катары биринчи кезекте өзүн жана өзүнүн кызыкчылыгын сыйлашы керек, андыктан тышкы өнөктөштөрдүн ар кандай кысымы, жумшак айтканда, тескери натыйжа берет.

“Биз мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине ачыкпыз. Эгерде бул пайдалуу жана коомдо кызыкчылык жаратса, биз бардык өлкөлөр менен иштешип, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз. Бирок Кыргызстанга басым жасап же бир нерсени мындай кыласыңар деп түрткү кылуунун кереги жок.

Эл аралык укук көз карандысыз эгемендүү мамлекетке эч кандай кысым көрсөтүүгө жол бербейт, ал өзүнүн тышкы саясатын өзү аныктайт жана башка мамлекеттер менен мамилелерден жаралган маселелерди чечет.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана саясий байланыштардын узак тарыхы бар жана алардын мааниси азыркы кездеги эл аралык кырдаалдын чегинен чыгат. Кыргызстандын тышкы соода түзүмүндө Россия экспортто да, импортто да маанилүү орунду ээлейт. Айыл чарба продукцияларын, текстиль, кийим-кечелерди жеткирүү менен биз стратегиялык өнөктөшүбүздөн бензин, дизель майы, газ, буудай жана башка азык-түлүктөрдү дүйнөлүк баадан бир топ төмөн баада алабыз.

Биз Россия менен Евразиялык экономикалык биримдикте бирге болгондуктан, Кыргызстанга товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттар түзүлүп, жалпы рынокко жол ачылган.

Натыйжада, биздин өлкө Россия менен соода-экономикалык кызматташтыкты сактап жана өнүктүрүүдө, анткени бул биздин экономикалык туруктуулукту камсыздайт, эмгек миграциясын колдойт жана ЕАЭБ, ШКУ, КМШ сыяктуу аймактык интеграциялык процесстерге катышууга мүмкүндүк берет. Бирок бир тараптуу көз карандысыздыктын тобокелдиктерин азайтуу үчүн Кыргызстан да тышкы экономикалык байланыштарды диверсификациялоого умтулуп жатканын белгилей кетүү маанилүү”, - деп жыйынтыктады Токон Мамытов.

Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси, Кыргызстандын Россиядагы мурдагы элчиси, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын президенти эл аралык мамилелерде кош стандарттардын бар экенин белгилеп, маанилүү кадам жасады деп эсептейт.

“Президент Кыргызстанга гана тиешелүү эмес болгон санкциялык кысым маселелери боюнча татыктуу жооп жана жеткиликтүү түшүндүрмөлөрдү берди. Ал эми бир катар мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө даяр эмес экендиктерин мурда эле ачык айтышкан. Эл аралык саясат кысымдын принцибинде курулуп, бирөөлөр башкаларды эмне кылыш керек, кантип өнүгүш керек деп мажбурлаганы туура эмес.

Мамлекет башчысынын позициясы биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга толугу менен шайкеш келет, анткени Росия менен болгон мамилелер, бардык фундаменталдык документтерде белгиленгендей, эки тараптуу деңгээлде түзүлгөн. Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана союздашы болуп саналат. Бул биздин элдерибизге пайда алып келген, көп кылымдык тарыхый байланыштар жана экономикалык кызматташтыктын практика жүзүндөгү далили. Коопсуздук тармагында да, соода мамилелерин өнүктүрүү маселелеринде да биз биргелешип маанилүү натыйжаларга жана максаттарга жетишебиз.

Кыргызстандын президенти дагы бир жолу өзүнүн саясий эрктүүлүгүн, ачыктыгын жана ак ниеттүүлүгүн көрсөттү. Бул бүткүл дүйнөлүк коомчулукка биздин мамлекет эл аралык мамилелерде кош стандарттарды кабыл албастыгынын ачык белгиси», - деп баса белгиледи Аликбек Жекшенкулов.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстан жакшы долбоорлор болсо, бардыгы менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык. Бишкек аларды кайсы мамлекет, кайсы өлкө же башка континенттерден келген инвесторлор болбосун, ишке ашырууга даяр. Биз эң жакын жана тарыхый өнөктөштөрүбүз менен достугубузду баалайбыз, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн, эл аралык кызматташууга, жаңы келечектүү багыттарда байланыштарды куруудан баш тартпайбыз.

Материалды даярдаган Кирилл Степанюк, которгон Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий