• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кантта заводдун аймагынан чыккан өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.11.24. /Кабар/. Кант шаарында "Кант-Курулуш" заводунун аймагында жайгашкан ишканадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 04:49дан тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 08:10до чектөөгө алынды.

Жеринде ӨКМдин Чүй облусундагы башкармалыгынын башчысы жана Ысык-Ата райондук бөлүм башчылары иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий