• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кант шаарында 5 тонна битум күйдү

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Кант шаарында 5 тонна битум күйдү, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы асфальт-бетон заводунун аймагында 5 тонналык резервуардын ичиндеги битум күйгөн.

Өрт заттардын жана материалдардын өзүнөн-өзү күйүүсүнөн улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий