Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Кара-Балта шаарындагы батирден 95 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, министрликтин куткаруучулары батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен.
"Батирдин ичинен 1926-жылы туулган А.И. аттуу аялын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий