• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 1 319 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 319 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 715, Ош шаарында – 25, Чүй облусунда – 225, Ош облусунда – 87, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 44, Жалал-Абад облусунда – 109, Баткен облусунда – 84 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 845 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 422, Ош шаарында – 41, Чүй облусунда – 121, Ош облусунда – 85, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 30, Жалал-Абад облусунда – 94 Баткен облусунда – 38 бейтап айыкты", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7 жана Чүй облусунда 3 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 12 874 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бир суткада стационардан 13, үй карантинден 8 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 5 миң 761 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 76 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 137 миң 58 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 116 миң 358 киши айыгып чыкса, 2 миң 83 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий