Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Кара-Балтада 40 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Киргизия көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилген эшигин ачканда, ичинен 40 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий