• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

МСК 1-июлда Ала-Тоо аянтына келген көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 смартфон ойнотот

Экономика 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. 1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын эң чоң утушу өтөт.

МСКдан билдиришкендей, бул күнү 13 башкы байге – 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Ошондой эле, башкы байгелерди ойнотуунун жүрүшүндө аянттагы көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 смартфон ойнотулат. Бул иш-чарага келгендердин бардыгы үчүн өз бактысын сынап, стилдүү гаджетти утуп алууга мүмкүнчүлүк жаралууда.

Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт менен коштолот.

Салык кызматы бардыгын бул шаңдуу иш-чарага катышууга жана 10 электромобилди жана чет өлкөгө 3 жолдомону же 15 смартфонду утуп алган бактылуу адамдарды билүү үчүн лотереянын ойнотулушуна күбө болууга чакырат. Иш-чара саат 19:00дө башталат.

20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий