• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда базар ээлери төрт айда ижарадан 1 млрд сомдон ашык киреше тапты

Экономика 0

Бишкек, 25.10.22 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстандын базар ээлери соода жайларын ижарага берүүдөн 1 млрд 120 млн 166 миң сом киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул мезгил аралыгында республика боюнча 335 базар болсо, аларда соода жүргүзүү үчүн 78 миң 832 пункт бөлүнгөн, бирок анын 70 миң 602си сатуучулар тарабынан ижарага алынган. Базарларда соода кылгандардын көбү 57 миң 63 соода аянтын ижарага алган жеке ишкерлер.

Республика боюнча бир жерди ижарага алуунун орточо баасы суткасына 117 сомду түздү. Базарды пайдалануу үчүн эң жогорку төлөм Бишкек шаарында катталган – орточо эсеп менен күнүнө 292 сом, ал эми эң азы Талас облусунда – орточо эсеп менен 54 сом.

Пикир

Оставить комментарий