• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2018-жылы айыл чарбадагы дүң өндүрүмдүн көлөмү 2,7% түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. 2018-жылдын январь-декабрь айларында өлкөнүн айыл чарбасынын дүң өндүрүмүнүн көлөмү 203,8 млрд. сомду түзгөн. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7%га өскөн. Бул тууралуу КРнын экономика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айыл чарбасында дүң өндүрүмдүн көлөмүнүн жогорулашы жашылчаларды өнүктүрүүдө – 3,4%га (100,4 млрд. сомго), жүгөрү жана эгин – 6%га, мөмө-жемиштер - 4,8%га, буурчак дандуу өсүмдүктөр – 3,9%га, жашылчалар - 2,4%га, арпа – 1,2%га, картөшкө – 2,2% жана ошондой мал азыктары – 2,2% (98,3 млрд.сом), сүт азыктары – 2,2%га жана жумуртка – 4,4%га өскөн.

Айыл чарба азыктарынын ИДӨгө кошкон салымы 0,34% алкагында бааланган.

Пикир

Оставить комментарий