• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Балтада спорт комплексинен чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Кара-Балта шаарында спорт комплексинин чатырынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби аныкталууда.

Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп тартылды.

Пикир

Оставить комментарий