• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кара-Балтада ВАЗ 2107 сүт ташуучу унааны сүзүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Кара-Балта шаарынын Пограничная жана Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишинде ВАЗ 2107 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгинде токтоп турган сүт ташуучу унааны сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, 22 жаштагы А.Э. аттуу жигит жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Ал эми куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий