• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ысык-Ата районунда өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы Нооруз дачасында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттөн аянты 52 чарчы метр болгон турак үй толук күйүп кеткен.

Кырсык болгон жерден эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий