• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кара-Кулжа районунда ишкерлер борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Кара-Кулжа районунда ишкерлер борбору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясында ишкерлердин башын бириктирип, тажрыйбасын алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн жыйын болуп өттү.

Семинарда Дүйнөлүк банктын Ош областынын айыл-чарбасына 60 миллион доллар көмөк көрсөтүү боюнча түшүндүрмө берилди.

Жыйында өкмөттүн өкүлүнүн орун басары А. Махаммадов, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары, Кыргыз агроөнөр жай комплексинин төрагасы, Бүткүл Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, Кыргыз славян өнүктүрүү фондунун төрагасы, Айыл банктын жетекчилери, кепилдик фонддун жетекчиси жана айыл чарбасына тийиштүү адистер катышып, өздөрүнүн маалыматтарын жана кеңештерин беришти.

Семинарга 150 ишкер, фермерлер катышып, бал экспорттоо, көп кабаттуу курулуш, тоо туризми боюнча келишимдер түзүлүп, өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Райондун акими Нуралы Курмантаев мындай форумдар үчүн райондо атайын борбор ачыларын билдирди.

Эскерте кетсек, декабрь айында Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов ар бир районго ишкерлердин борборлору ачыларын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий