• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жумгал районундагы "Соң-Көл" кинотеатры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы “Соң-Көл” кинотеатры капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Кинотеатрдын жабдуулары жаңыланып, Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекциясынын демилгеси менен 3D кичи залы да жасалып бүтүп, жергиликтүү тургундарга жана конокторго улуттук жана чет элдик тасмалары тартууланууда.

Оңдоо иштерине Жумгал районунун жергиликтүү өнүктүрүү фонду тарабынан 12,7 млн сом жана Кинематография департаменти тарабынан 650 миң сом бөлүнүп берилген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты билдиргендей, бүгүн кинотеатрдын ачылышы болуп, ага Кинематография департаментинен директору Акжол Бекболотов, Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыбек Набиев, Кыргызстандын Кинематографистер уюмунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кино ишмерлери жана киносүйүүчүлөр катышты.

Пикир

Оставить комментарий