Кара-Кулжада 5 жашар бала дарыяга түшүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун Сай айылында 5 жашар бала Тар дарыясына түшүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин райондук бөлүмүнө Сай айылында 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу бала Тар дарыясына түшүп кеткени тууралуу кабар түшкөн.

Жерине 8 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий