• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Россияда каза болгондордун сөөгү кичи мекенине жеткирилди - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 24.08.22 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 23-августта саат 23:55те Россияда жол кырсыгынан каза болгондорду кичи мекенине жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, сөөктөр туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, кечээ Россияда жол кырсыгынан каза болгон 14 жарандын сөөгү атайын борт менен Кыргызстанга алып келинген.

Каза болгондор:

Ош облусунан:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гюлбахор айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна - 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс а/а, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек - 22.07.1999, Араван району, Гулбахор айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна - 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Жалал-Абад облусунан:
1. Жуманалиев Шекербек Аманалиевич - 24.04.2000, Аксы району, Уч-Коргон айыл аймагы.
2. Мусабаева Элнура Турганбаевна - 01.11.1980, Жалал-Абад шаары, Чынгыз Айтматов.
3. Ормонбек кызы Алина - 22.01.1995, Ташкөмүр шаары, Кызыл Алма айылы.
4. Турсуналы уулу Адилет - 05.10.1999, Аксы району, Уч-Коргон а/а.
5. Каныбек уулу Азиз - 13.01.1976, Сузак району, Ленин а/а, с. Жыгач-Коргон.

Баткен облусу:
1. Абдуллаева Ойгул Гани кызы - 29.03.1991, Кадамжай району, Марказ айылы.
2 Акылбек уулу Майрамбек - 27.12.1997, Кадамжай шаары.
3. Кожомбаев Каныбек Мухамадзакирович - 12.10.1986, Кадамжай району, Марказ айылы.
4. Арыстанбек уулу Нуртилек - 24.10.1996, Баткен району, Табылгы айылы,
5. Ирисбаев Алмазбек – 11.07.1978, Кадамжай району.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан 23-августта автокырсыкка байланыштуу аза күттү.

Пикир

Оставить комментарий