• 87.86
  • 93.94
  • 1

22-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек,17.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 18-марттан 22-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

18-22-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

18-19-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 18-мартта түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 19-мартта күндүз Чүй облусунун кээ бир рйондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорудо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-22-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

18-19-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 19-мартта күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке маал жаан жаашы мүмкүн.

21-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

22-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-22-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

18-мартта түнкүсүн Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунда жана Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

22-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-22-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

18-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-21-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтулбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-22-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

18-мартта жаан, кар жаашы күтүлөт.

19-22-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

18-22-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

18-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

20-мартта жана 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-мартта күндүз жана 22-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

22-мартта күндүз жаан-чачын күтулбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий