• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна 100 жыл! Ошто көргөзмө ачылды

Аймак 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музей комплексинде "Кылым карыткан тарых жана улуу мурас" аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү ачылды.

Муниципалитеттен билдиршкендей, көргөзмө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш-чарага мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана студенттер катышты.

Белгиленгендей, кийинки муундарга улуу мурасты жеткирүү жана тааныштыруу максатында даярдалган даректүү көргөзмө тарыхый маалыматтардын негизинде түзүлүп, анда көрөрмандарга 1924-жылдын 14-октябрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу, анын түптөлүшү тууралуу документалдык материалдар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий