• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сокулуктун Луч айылында таза суу чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Сокулук районундагы Луч айылында таза суу чыгарылды.

Маалыматка ылайык, скважина 90 метр тереңдиктен 1 минутасына 14 куб суу чыгарат.

Суу скважинасынын демөөрчүсү, «Эмират» кайрымдуулук уюмунун башчысы Ахмед АльАмри буга чейин тургундардын муктаждыктарын байкап, скважинадан тышкары мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан турган комплексти куруу демилгесин колдоп, жеке өзү каржылоодо.

Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат жана аз убакыттан соң колдонууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий