• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл. Беларуста футбол беттеши өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Беларустун Заславль шаарында “Дипломат” футбол командасы “Ислочь” футбол командасынын ардагерлери менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Кыргызстандын Беларустагы элчилигинен билдиришкендей, спорттук иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев дипломатиялык корпустун, маданият жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген “Дипломат” футбол командасынын капитаны катары чыкты.

Иш-чаранын ачылышында элчи Эрбол Султанбаев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн тарыхы кылымдарды карыткан кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдөгү маанилүү этап экенин билдирди.

Ошону менен бирге бул окуя Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүп, эки өлкөнүн элдеринин жаңы форматта жакындашуусуна өбөлгө болгонун баса белгиледи.

Кызыктуу оюндун жыйынтыгында “Ислочтун” ардагерлер командасы жеңишке жетти.

Жеңүүчүлөргө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө арналган иш-чаранын атайын ою түшүрүлгөн символикалуу кубогу тапшырылып, мыкты көрсөткүчтөрү үчүн эки команданын оюнчуларына белектер берилди.

”Ислочь” футбол командасы — Беларустун жогорку лигасында ойногон профессионалдык клуб. 2024-2025 сезонунда “Ислочь” УЕФАнын Конференция лигасында катышуу укугуна ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий