• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кара-Суу районунда каналдан 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кара-Суу районунда каналдан 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-сентябрда саат 16:20да Ош облусунун Кара-Суу районунда Нариман айылында каналда 16 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Жерине КР ӨКМнин №102 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий