• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шайлоо-2020. Шайлоочулардын жарымы өзүнүн укуктары тууралуу билбейт - изилдөө

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Алдыда өтүүчү парламенттик шайлоого байланыштуу жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан шайлоочулардын жарымы өзүнүн укуктары тууралуу билбейт. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда "Жалпы иш" коомдук фондунун социологу Мадина Шаруфидинова билдирди.

Анын айтымында, август айында алдыдагы шайлоого карата телефон аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоо 7 облуста жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлүп, ага 1 миң 202 адам катышкан.

Шаруфидинова билдиргендей, сурамжылоого ылайык анын катышуучуларынын 53%ы COVID-19 пандемиясы учурундагы шайлоо тартиби тууралуу билишпейт. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 55%ынын өзүн шайлоочулардын тимезсинен кантип тактаса болору, 51%ы шайлоо тартиби тууралуу маалыматы жок.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарына тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий