Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын Даңги тилкесиндеги Ак-Буура суусунун боюнан 31 жаштагы С. уулу Ө. аттуу эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Пикир
Оставить комментарий