• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.11.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын У.Салиев көчөсүндөгү батирлердин биринде ашканада муздаткыч жана электр плитасы күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Аламүдүн айылында Горький көчөсүндөгү мончонун аянты 60 чарчы метр жана бастырманын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз.

Ошондой эле ушул эле айылдын Панфилов көчөсүндөгү 200 чарчы метр турак жайдын чатыры, муздаткыч, кир жуугуч машина жана газ плитасы өрттөнгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий