Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Октябрь айылында “Коңурат” каналынан суу ашып, болжол менен 10 турак-үйдүн короосун суу каптады,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-майда болжол менен саат 04:00дө суу ашкан.
“Турак үйдүн жер төлөөсүндөгү сууну сордуруу үчүн саат 09:10до КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 аскерлештирилген өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган”,-деп айтылат маалыматта.
Учурда каналдын суусу азайтылган, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Пикир
Оставить комментарий