• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кара-Суудагы өрттөн үй, дүкөн жана чайхана күйүп кетти (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында турак жай жана дүкөн күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 15-майда болжол менен саат 21:00 чамасында катталган. Ынтымак көчөсүндөгү №1 дарегинде орун алган үйдөн өрт чыгып, жалпы аянты 136 чарчы метр турак үй жана дүкөн толугу менен өрттөнгөн.

Мындан сырткары жанаша жайгашкан “Кызыл-Суу” чайканасынын 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Өрттү өчүрүү үчүн 5 бөлүм жана куткаруучулардын ыкчам-тобу тартылган. Андан тышкары кырсык катталган жерге 25 милиция кызматкери, тез жардам тобу жана РЭТ ишканасынан 1 бригада тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 22:23тө чектөөгө алынып, саат 23:58де толугу менен өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий