Бишкек, 16.01.25. /Бахар Хакимова - Кабар/. Ышка каршы күрөшүүнүн алкагында Бишкек шаары Кытайдын Циндао университети менен кызматташып келет. Анын алкагында Кытайдан “акылдуу” меш алынып келди.
Бул мешке кесек көмүр салынат, жылуулуктун температурасын азайтып, көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 30 кг көмүрдү салса, кечке күйүп, аз гана күл чыгарат. Көмүрдүн кара түтүнү мештин ичинде эле газга айланып, сыртка тазаланып чыгып, абаны булгабайт.
"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев билдиргендей, мештин баасы 85 миң сом, 300 чарчы метрге ылайыкталган.
“Кыргызстандагы эле Миң-Куштун көмүрүн жактык, болгону кесек көмүр жагуу керек. Өтө үнөмдүү болот экен, 2,5 эсе үнөмдөйт. Газ мештериндей эле таза болот, кара түтүн чыкпайт. Кадимки биздеги мешке көмүр жакканда 20-30 пайызы күлгө чыгып кетчү, бул меште көмүрдүн дээрлик баары күйүп, 2-3 пайызы гана күлгө чыгат экен. Ысып баратканда жылуулукту азайтып койсо болот. Башкача айтканда, кара түтүндү газ кылып берет”, - деди ал.
Циндао университеттин профессору Жу И билдиргендей, көмүр менен жылытуу арзан жана жеткиликтүү болгондуктан Кытайдын илимий мекемелерине зыяндуулугу аз болгон меш иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Циндао университети Кытай өкмөтүнүн тапшырмасы менен ушул мештерди ойлоп тапкан.
“Ошондуктан көмүрдөн газды бөлүп чыгарып, аны күйгүзүүнүн үстүндө иштеп, ушундай мештер чыгарылды. Мындай жол менен энергияны эффективдүү пайдаланууга жетишсе болот жана чыгымы аз болот. Мештин сыртынан түтүн газга айланып жатканы көрүнүп турат” , - деди профессор.
Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Байгазиев билдиргендей, мекемелер аралык комиссия Кытайдын университети сунуштаган жаңы технологияларды сыноодон өткөрөт жана “акылдуу" мештер көмүр жаккан калкка сунушталат. Бул мештерди газ менен жылытууга альтернатива катары колдонсо болот.
Мэрия жашоочулар мештерди алышы үчүн жеңилдетилген насыя берүүнүн үстүндө иштеп жатат. Алдын ала эсеп боюнча 1 млрд сомдун тегерегинде каражат керек.
“Учурда мекемелер аралык комиссия иштөөдө. Мындай мештерди алуу үчүн элге жеңилдетилген насыя берүү маселесин чечиш керек. Азыр өкмөттөн акча сурап жатабыз, мисалы, газдаштырууга да каражат бөлүп жатпайбы, ошол сыяктуу эле меш алууга да каражат бөлсө болот.
Андан тышкары, Миң-Куш менен Кара-Кечеге көмүрдү сорттоочу станцияларды орнотуп, бул мештерге жагыла турган кесек көмүрдү алып келүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Көмүрдөн чыккан түтүндү такыр жок кыла албасак да, минималдаштырууга болот экен” , - деди Байгазиев.
Ал кошумчалагандай, Бишкектеги ышты жок кылуу үчүн канча каражат керектиги так аныктала элек. Көптөгөн программалар иштеп жатат, аны баалоодон кийин билинет.
Пикир
Оставить комментарий