• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

"Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын мекчиктештирилип кеткен 120 га аянты кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркындагы жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын жеке пайдаланууга мыйзамсыз чыгарылган жерлерин жана участокторун мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында улуттук парктын 120 гектардан ашык аянты кайтарылды.

Маалым болгондой, 2014-жылы "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын конкурстук комиссиясы тарабынан 49 жылдык мөөнөткө 66 лот боюнча ижарага участокторду берүүдө бир катар мыйзамдарды одоно бузуулар, анын ичинде "конкурс өткөрүү тартибин" бузуу, конкурстун катышуучуларынын уюштуруучулар менен аффилирленгендиги, узак мөөнөттүү ижараны берүүдө сыноо мөөнөттөрүн сактабагандыгы аныкталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында болжолдуу баасы 120 миллион сомдон ашык болгон 120 гектардан ашык жер жана тилкелер мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жана убактылуу пайдаланууга алынган жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий