• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Каракол шаарында 3 күн бою кыш жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. 13-декабрдан 15-декабрга чейин Каракол шаарында кыш жарманкеси өтөт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, Касымалы Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында жана Айтматов атындагы борбордук аянтында кол өнөрчүлүк базары ачылат. Анда коноктор жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн уникалдуу буюмдарын, анын ичинде колго жасалган карапа, сайма жана сувенирлерди сатып алса болот. Ошондой эле жарманкеде улуттук ашканын даамдуу тамак-аштары коюлат.

Балдар үчүн мастер-класстар жана оюн-зоок аянтчалары уюштурулмакчы. Кечкисин фольклордук топтордун жана музыканттардын концерттик программалары тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий