• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.

Эске салсак, “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

Быйыл жалпы 7 чакырым жолдун 3,5 чакырымына асфальт төшөлдү.

"Министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл буруп келет",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий