• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда

Аймак 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. “Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдар чачылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, бул иштер эс алуучулардын жана жергиликтүү тургандардын ыңгайлуулугу, ошону менен бирге жол кырсыгын алдын алуу максатында жасалууда. Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылып жатат.

Эске салсак, “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы министрликтин балансына өткөрүлгөн. Былтыр жалпы 7 чакырымга созулган жолдун жарымы асфальтталган.

Ведомстводон белгилешкендей, бүгүнкү күндө жети облуста жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Пикир

Оставить комментарий