Каракол, 14.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Күн мурун Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы өттү.
Иш-чарага Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев, Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова, жергиликтүү депутаттар жана шаар тургундары катышты.
Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев өз сөзүндө Каракол мамлекет башчысы Садыр Жапаров белгилегендей, туризмдин борборуна айланганын айтты.
“Жакында Каракол эл аралык аэропортунун ачылышы болду. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда беш туристтерди тейлөө борбору ачылды. Мунун баары инфраструктураны жакшыртуу жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатат”, - деди ал.
Ошондой эле ал акыркы 9 айда Кыргызстанга чет өлкөдөн 8 миллион турист келгендигин баса белгиледи.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Пикир
Оставить комментарий